www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Памир Муратов эмгек жамааты менен коштошту. Анын ордуна Нурлан Абасканов дайындалды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков медицина кызматкерлерин ротациялоо жүргүзүлгөнүн түшүндүрдү.

Анын айтымында, Памир Муратов кайрадан №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна которулган.

«Нурлан Абасканов башкаруучулук тажрыйбасы мол тиш доктур, 10 жылга жакын жетекчи кызматтарда иштеген, саламаттыкты сактоо бөлүмүндө иштеген. Оорукананын ишин жакшыртып, чыңдап, болгон көйгөйлөрдү чечет деп ойлойм», - дейт Жаркынбек Касымбеков.

Тиш доктур тез жардам ооруканасын тейлей алабы деген суроого, чиновник мындай деп жооп берди: «Албетте. Стоматолог дарыгер эмеспи? Кеп тиш доктур, уролог же гинеколог жөнүндө эмес. Эң негизгиси башкаруучулук жана уюштуруучулук сапаттар. Анын үстүнө ал салыштырмалуу жаш, энергиялуу, дипломатиялык, бай тажрыйбага ээ, ушунчалык татаал, чоң команда үчүн зарыл болгон бардык сапаттарга ээ».

2022-жылдын февраль айында Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору тез жардам клиникалык ооруканасына айландырылган. Андан кийин башкы дарыгер болуп Памир Муратов дайындалган. Ал 2015-2018-жылдары №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости