www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн акимдерин ротациялады. Жарлыкта жазылгандай, анын милдети кызыкчылыктардын кагылышын жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишмердүүлүгүндө бейтараптыкты камсыз кылуу болуп саналат.

КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев белгилегендей, жүргүзүлгөн ротация – бул билим-илим жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

“Бул эски көз караштардан жана эски башкаруу ыкмаларынан арылтат деген түшүнүк бар. Экинчиден, Кыргызстанда “аймактарга бөлүнүү” деген оору бар. Ар бир аймакта клан, тирешүү, соодалашуу болуп келген, биздин кландан болсун дешет. Мына ушундан арылабыз. Үчүнчүдөн, акимдердин макамы көтөрүлдү. Мурда алар өкмөттүн өкүлү болуп келсе, эми бүткүл элдик добуш берүү менен тандалган президенттин өкүлү болуп саналат. Бирок, ошого жараша жоопкерчилик дагы жогору болуш керек”, - деп комментарий берген Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости