www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садык Шер-Ниязга Казакстандын «Достык» ордени ыйгарылды

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин буйругу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, Садык Шер-Ниязга Казакстандын мамлекеттик экинчи даражадагы «Достык» ордени ыйгарылды. Сыйлыкты тапшыруу аземи 25-майда Бишкектеги Кино үйүндө өтөт.

Казакстандагы бул мамлекеттик сыйлык 1995-жылы негизделген жана улуттар арасындагы достукту, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөгө салым кошкондорго ыйгарылат.

Белгиилей кетсек, буга чейин мындай орденди Пласидо Доминго, Алишер Усманов, Айтурган Темирова, Иосиф Кобзон баштаган коомдук, маданий ишмерлер алган.

Касым-Жомарт Токаев Садык Шер-Нияз тарткан «Курманжан датка» тасмасына жылуу пикирин айтып келгени белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости