www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде каза болгон маркумдарды эскерүүдө өзүнүн кемчилдиктерин жана учурдагы бийликке болгон адаттагы нараазчылыгын билдирди.

--Мени таза жерден күнөөлөбөгүлө. Эй, элдешели деп канча киши жөнөттүм. Тескересинче күнөөсү жок балдарымды камап салды. Эми атып башташын күтүп жатабыз. Бир жарым жылдын ичинде Бакиевдин заманы келди. Эми мени атсын, бутум операция болсо дагы Ак үйгө басып барганга алым жетет. Азыр Атамбаевди сындаганга баарыңар кыйынсыңар, Кудайга миң мертебе ыраазымын. Атамбаев кар жааса да күнөөлүү, күн чыкса да күнөөлүү.(PS: Курманбек Бакиев бийликтен кызматтан кеткенден кийин Алмазбек Атамбаев ар дайым бакиевдерди күнөөлөп келген) Бир барак кагазды жаза албаган депутаттар мага акыл үйрөтөт, биринчи чимкиригиңерди тазалап алгылачы”, деди Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө.

Андан сырткары учурдагы мамлекет бутактарына мыйзам бузганыңарды токтоткула деп “ревлюция кайра болуп калышы мүмкүн”, деп коңгуроо какты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости