www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтууда. ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, Атамбаев мекемеге бүгүн, 9-июлда эртең менен күбө катары суракка келүүгө тийиш.

Милиция кызматкерлери чакырууну ага 8-июлдун кечинде Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Чакыруу келгенден кийин Атамбаев өз үйүнүн алдында турган тарапкерлерине чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал суракка баруу ниети жоктугун билдирди.

"Азыркы бийлик мага каршы ишти козгоюн деп оюндар жүргөндө мыйзамдын баарын бузган. Биринчиден, бийлик укуктук талаага, укуктук ченемдерге кайтып келиши зарыл. Бийлик өзү Конституция менен мыйзамды сыйлашы керек. Бийлик мыйзамды сыйлап баштамайын алардын оюндарын ойногум келбейт", — деди Атамбаев.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген. Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан.

Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулуп турушат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости