www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайрадан тез жардам унаасы менен алып кетишти. Бул тууралуу анын уулу Кадыр Атамбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, экскорт Атамбаев ооруп калганын айтканда экс-президенттин жакындары соттун жанында болгон.
"Аны футболкачан сүйрөгөндөн кийин кайрадан жүрөгү ооруп, омурткасы начарлап кеткен. Ошондой эле, атамдын буту-колу уюйт. Улуттук госпиталдан текшерүүнү суранабыз", - деген ал.
Атамбаев бул жолу Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча кылмыш иштерине байланыштуу соттук отурумга алынып келинген. Бирок жараянга катышпай турганын билдирип, айнек тосмону тепкилегендиктан, сот анын катышуусуз өткөнү калды.
Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Бул кылмыш иши Атамбаев 2016-жылы түркиялык 10 атуулга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деген шек менен козголгон ишке бириктирилген.
Мектептин курулушунда коррупция болгон деген негизде Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго да кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча 2019-жылы Ленин райондук соту өкүм чыгарып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салып, камактан бошоткон.
Ал эми Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупция жана “Дастан” ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясында абактан чыгып ошол бойдон издөөдө жүрөт.
2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга абакка кескен.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча да айып коюлган.
Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.
Булак: NazarNews.kg