www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия 13-апрелде Орусияга каршы санкциялык тизмени кеңейтип, ага 206 ишкер менен саясатчыны, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн киргизди. Бул тууралуу британ Тышкы иштер министрилиги (ТИМ) кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган тизмеге киргизилгендердин арасында Өзбекстанда туулуп-өскөн үч жаран бар:
Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, Гульбахор Исмаилова өзбек тектүү орусиялык миллиардер, USM холдингинин негиздөөчүсү Алишер Усмановдун карындашы. Исмаилова Усманов ага өз активдерин которгондугуна байланыштуу санкциялык тизмеге киргизилген. Эми Исмаилованын активдери тоңдурулуп, анын Улуу Британиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынды. Өзбекстанда ал Ташкенттеги Клиникалык санаторийдин негиздөөчүлөрүнүн бири (82,1%). Бул мекеменин акцияларынын калган бөлүгү Galenus Limited деп аталган кипрдик компанияга таандык.
Саодат Нарзиева да Алишер Усмановдун карындашы. Ал Ташкентте акушер-гинеколог болуп иштейт. Расмий маалыматтар боюнча, Нарзиева Humon Quality деген жеке клиникага ээлик кылат. Эми анын Улуу Британиядагы активдери тоңдурулуп, бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды. Буга чейин Нарзиевага каршы ЕБ да санкцияларды киргизген.
Нигина Заирова орусиялык "Альфа-банктын" негизги ээси Михаил Фридмандын жардамчысы катары көрсөтүлгөн. Санкциялык документте Фридманга санкция салынгандан кийин Заирова үч активге ээ болгону жазылган. Улуу Британия бул үч компанияга ал Фридмандын атынан ээлик кылат деп эсептөөдө. Эми Нигина Заированын да Улуу Британиядагы активдери тоңдурулат.
Мындан тышкары Британиянын санкциялык тизмесине "Лукойлдун" башчысы Вагит Алекперов, Мамлекеттик Думанын депутаты жана белгилүү хоккейчи Вячеслав Фетисов, "Система" акционердик каржылык компаниясынын негиздөөчүсү Владимир Евтушенков, Орусия президентинин жардамчысы Андрей Фурсенко, "Газпромбанктын" вице-президенти Сергей Фурсенко, Орусия ТИМ башчысынын жубайы Мария Лаврова, "Группа Альянстын" президенти Муса Бажаев жана ишкер Сулейман Керимовдун уулу Саид Керимов кирген.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Улуу Британия Москвага каршы бир нече санкциялар топтомун киргизген. Аларга ылайык, Владимир Путин, Сергей Лавров, миллиардер Роман Абрамович, "Роснефттин" директорлор кеңешинин төрагасы Игорь Сечин, "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллер жана Путин менен Лавровдун кыздары чектөөлөргө кабылган.
Булак: NazarNews.kg