www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

1-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын узартты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-апрелде Биринчи май райондук соту NazarNews маалымат агенттигине тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал 7-июнга чейин №47 түзөтүү абагында болот.

Белгилей кетсек, буга чейин адвокаттар мурдагы президенттин бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылышкан.

Алар Алмазбек Атамбаев бир жылдан ашуун убакыттан бери тергөө абагында отурганын айтып, саламаттыгына байланыштуу аны бошотуу же үй камагына чыгаруу керек деп эсептешет. Ошондой эле, мыйзам боюнча шектүү тергөө абагында бир жыл гана кармалууга тийиш деген жүйө келтирип жатышат.

Февралда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти караган Биринчи май райондук соту Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узарткан.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин ишин кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Мындан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштердин баары бириктирилип, учурда райондук сотто каралууда.

Атамбаев былтыр декабрда саламаттыгына байланыштуу №47 колонияга которулган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости