www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

"Достор, Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүмө алгам. Албетте маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз.

Россияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар.
Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз.

Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Россиядан көз каранды.
Казахстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди.
Эми Россия тараптын жообун күтөбүз.

Кыргызстандан Россияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле!
Тескерисинче көптөн бери Россия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес.

Албетте баардык проблема коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат", - деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости