www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-апрелда Маданият министри Кайрат Иманалиев куудулдар менен жолукту.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1-апрель «Күлкү күнүнө» карата куудулдар менен жолугуп, баарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын эл артисттери Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Борончу Кудайбергенов жана өсүп келе жаткан жаш куудулдардын жоон тобу катышты.

Сүйлөшүү эркин форматта болуп, суроо-жооп менен уланды.

Кайрат Иманалиев, өз сөзүндө аларды майрамы менен куттуктап, бул тармакта жасала турган бир катар иштерди белгилеп өттү. «Сатира коомдук турмуштагы ошол чөйрөгө, түзүлүшкө ылайык келбеген айрым бир көрүнүштөрдү, адамдардын иш аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, каймана маанисинде коомго жеткире турган чыгармачылыктын бир түрү. Андыктан, биринчи кезекте куудулдардын башын бириктире турчу театр же атайын иш бөлмө уюштуруп, алгачкы кадамдарды баштоо керек деп белгиледи.

Ошондой эле, сатира багытындагы режиссёр менен иштөөгө жана келечекте бул тармакты кеңейтүү үчүн куудулдар тарабынан даярдалган профессионалдык спектаклдерди, юмористикалык мыкты чыгармаларды эл алдына алып чыгуусун, келечекте ал чыгармаларды ММКдан байма-бай чагылдыруу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө катышуучулар күлкү жана тамашалоо идеологиялык багытта күчтүү курал, таасирдүү тармак болуп саналары белгиленип, биргеликте иш алып баруу макулдашылды.

Мындан сырткары, Министрлик тарабынан жакынкы убакта кызматташуунун форматы аныкталып, идея жана аны укуктук жактан бекемдөө үчүн тийиштүү адистер иш алып барат.

Ал эми бул жолугушуу коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат.

Аталган министрлик жолугушуу учурундагы сүрөттөрдү өзүнүн баракчасына жүктөп элдин сынына кабылды.

Бул постго куудул Жамбыл Камчиев төмөндөгүдөй комментарий калтырды:

«Кайрат мырза, убакыт таап, Ош тарапка да келип, куудулдар, ырчылар, обончулар, актерлор менен да баарлашып кетишсе жаман болбос эле… Жол алыс. Жол кире күндөн-күнгө кымбаттодо.

Бишкекте Маданият министрлигинин мейманканасы жок. Маданият менен искусствону тейлеген Мамлекеттик банктар жок. Түштүк тарапта да Көркөм фильмдерди тартканга каражат бөлүнбөйт.

Өкмөттөн, министрликтен Акча-каражат сурасаң, сценарийлериңерди жибергиле, ошого карап, Көркөм Советке жаккан болсо, ал сценарий менен фильм тартканга акча бөлүштүрөбүз» - деп, отписка жазышат...

«- Сценарийлерди жиберели» - десек, сценаристтер; - «Бишкектегилер биздин идеяны уурдашат!» - деп, жибергилери келбейт. Ош шаарынын Мэриясы «Ошфильм» - мнуципиалдык киностудиясын» - уюштурганга интеллектери жетишпейт. Банктар менен түз сүйлөшөлү десек, түштүктө бир да «самостоятельно» иштеген банк жок. Бүт эле филиалдар.

Мамлекетти ушундай акыбалга апкелишкен Президенттерге, депутаттарга, өкмөт башчыларына, эмне» - деп каргыш айтууну да билбей олтурам...», - деп белгилеген.

Ал эми дагы бир Facebook колдонуучусу: «Бөлүнгөндөйго болбойун, бирок түндүктөн чыккан таланттарды топтоптур. Көп деген тамсилдердин автору, эчендеген таланттарды өстүрүп учурган Рахман Раззыков агай көрүнбөйт. Жамбылбек Камчиев агай көрүнбөйт. Элдин купулуна толгон Тынар Курбаналиев көрүнбөйт», - деп кошумчалаган.

Ошондой эле, Кубан Чимбаев атуу колдонуучу: «Куудулдарды толук чакырбаптырго. Садыр Жапаровду колдогон куудулдар чакырылган. Мадумаровту колдогон куудулдар бирида жок. Өздөрү эле билдирип коет да указаня мн иштегенин», - деген пикирин калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости