www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт кыргыз-казак чек арасынан өтүү тартибин түшүндүрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол”, “Чалдыбар”, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка” жана “Каркыра” бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлөт. Бирок пандемиядагы чектөөлөрдөн улам кыргызстандыктардын Казакстанга барышы үчүн жүйөлүү себеп керек.

Коңшу өлкөгө ооруканага бараткандар, дипломаттар, жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен атайын уруксат алган адамдар гана кире алат.

“Казакстанга ооруканага бараткандардын атайын чакыруу кагазы болушу керек. Жакындары коңшу өлкөнүн жараны болсо, же зарыл иштери чыккандар да Казакстанга кире алат. Бирок бул үчүн тастыктамасы болушу керек. Ошондой эле алардын коронавирус менен оорубаганын аныктаган ПЧР-анализи болушу шарт”, -деди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева.

Ал эми коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстанга эч чектөөсүз каттай алат. Бөрүбаева муну Казакстан эпидемиологиялык абалы туруктуу делген мамлекеттердин катарына киргени менен түшүндүрдү.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети реконструкциялангандан кийин бүгүн, 2-апрелде расмий ачылды.

Коронавирус пандемиясына чейин бул бекеттен күнүнө 10 миңге чейин адам каттап, 1,5 миңдей автоунаа өтчү. Туристтик мезгил убагында болсо жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң, ал эми машиненин саны 2,5 миңге чейин жетчү.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эми оңдоп-түзөтүүдөн кийин бекеттен суткасына 35 миңден ашык адам, 5 миңдей транспорттук каражат өтө алат.

Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости