www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулеге Кыргызстандагы чокуга чыгууну сунуштап, макулдугун алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу видео конференция форматында өтүп, тараптар билим берүү, илим, маданият тармагындагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашкан.

"Мамлекет башчысы Одрэ Азулени ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтүүчү жогорку билим берүү жаатындагы эл аралык конференцияга чакырды. Ошондой эле ага өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын өз көзү менен көрүп, таанышуу үчүн бийиктиги 5000 метрден ашкан ЮНЕСКОнун атынан коюлган чокуга чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды", — деп айтылат маалыматта.

ЮНЕСКОнун башкы директору Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты канааттануу менен баалады. Аны менен катар Жапаровдун конференцияга жана чокуга чыгуу боюнча чакыруусун кабыл алган.

Ошондой эле ал толук форматта жолугушуу өткөрүү үчүн Жапаровду ЮНЕСКОнун Париждеги офисине чакырганы белгиленди.

"ЮНЕСКО" чокусу Борбордук Тянь-Шандын Сары-Жаз кырка тоолорунда жайгашкан, бийиктиги 5 063 метрди түзөт. Ал дүйнөдөгү ЮНЕСКОнун атынан коюлган жалгыз тоо болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости