www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Бейшеналиев ишкерлер менен жолукту

JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен 23-апрелде жолугушуп, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө кызматташуу жолдорун талкуулашты.

Министр ишкерлер менен билим берүү тыгыз байланышта болуп, чогуу кызматташышы керек экендигин белгиледи.

“Өнүккөн өлкөлөрдө илимге орто эсеп менен 3% каржы бөлүнсө, Кыргызстанда 0,01% бөлүнөт. Бул өтө аз. Учурда коңшу өлкөлөрдө жеке менчик окуу жайларды ачууга тыюу салынып, четинен жабылууда. Казакстан менен Орусияда жабуу саясаты жүрүүдө. Ал эми бизде ишкерлер жеке окуу жайларын ачууга толук мүмкүнчүлүгү бар жана ачып келе жатабыз. Өлкөбүздө билим берүү тармагында бизнес климаты жагымдуу эле”, — деди Бейшеналиев.

Ишкерлер окуу жайларды ача турган болсо өкмөт тараптан кандай колдоо боло тургандыгын сурашты. Буга министр, эгер мыйзам бузуулар катталбаса, бир жолу алынган лицензия менен түбөлүккө иштей аларын айтты. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин мамлекет тарабынан жеке менчик окуу жайларды ачууга бут тосуулар болбогондугун белгиледи.

Белгилей кетүүчү жагдай, өлкөдөгү бүгүнкү кризис шартында көпчүлүк ишкерлер абалдан чыгуу үчүн жаңы идея, мүмкүнчүлүктөрдүн үстүндө изденүүдө. Алсак, 2020-жылы JIA тарабынан «COVID-19дун бизнеске тийгизген таасири» темасында масштабдуу сурамжылоо өткөрүлгөн. Сурамжылоого өлкө боюнча 1000ден ашуун ишкер катышып, басымдуу бөлүгү мамлекет тарабынан колдоого (текшерүүлөрдү кыскартуу ж.б.) жана бир пикирдеги ишкерлер менен нетворкинг аянтчаларына муктаждыгын билдиришкен. Ошондой эле, ишкерлердин көпчүлүгү масштабдуу максаттары бар, чоң ийгиликтерге жетишкен адамдар менен бир чөйрөдө болуу — жаңы бийиктиктерге чыгарарын белгилешкен.

Жогоруда айтылган сурамжылоонун жыйынтыгы менен инвестициялык идеялар жана реалдуу кейстер талкууланган жолугушуулар өткөрүлүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости