www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоголгон эки өспүрүм. Чек арага 200дөй адам чогулду

Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунда 200дөй адам чогулду. Алар чек арага жакын жерде жоголгон эки өспүрүмдүн уурдалышы боюнча маселени көтөрүшүүдө. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Чогулган эл Лейлек районунун Бешкент айылынын айыл өкмөтү менен жолугуп окуя тууралуу маалымат алышкан.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия түн ичинде жоголгон өспүрүмдөргө издөө жарыялап, коңшу өлкө менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн билдирген.

Бүгүн, 24-апрелде эртең менен чек арага жакын жерде эки кыргыз жараны тажикстандык солдаттар тарабынан уурдалганы боюнча видео тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости