www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ишкерлерди салык, бажы кызматтары жана чыновниктер сыгып жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

--“Биз ишкерлерге жеңилдиктерди кылып бердик. Мисалы, айып пулдарды жойдук. Бирок эл нааразы болгондой айрым мыйзамдарга каршы иш алып барып жатышат. Салык, бажы кызматтарынын өкүлдөрү жана чыновниктер эле ишкерлердин акчасын сыгып жатат. Мындайча айтканда коррупция болуп кетти. Болбосо ишкерлерге тоскоолдук жараткан бардык мыйзамдар туураланган. Жеке ишкерлер үчүн чекене соодадан алына турган салыктын жеңилдетилген жаңы системасы ишке кирген.

Жыл башынан бери ишкерлерден арыздардын 30 пайыздан ашыгы  салыкка байланыштуу даттануулар түшкөн. 2020-жылы ишкерлерден Бизнес акыйкатчы институтуна 70 арыз түшкөн. Арыздардын көбөйүүсүнө укук коргоо органдарынын аракеттери да таасир этүүдө. Мындан сырткары лицензия маселесинде көйгөйлөр бар. Ал эми аймактардагы ишкерлерди жер тилкелерин ижарага алуу маселеси көбүрөөк түйшөлтөт”, - дейт Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости