www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин чет өлкөлөрдүн "достуксуз" мамилелерине каршы чараларды көрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Кремлдин сайтында жарыяланган жарлыкка караганда, Россияга каршы "достуксуз" мамилелерди жасаган АКШ жана берки чет өлкөлөргө карата чаралар жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, өлкөнүн коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргоо максатында мындай өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдуктарына жана мамлекеттик мекемелерине Россиядагы чыныгы адамдар менен эмгек келишимин түзүүгө чектөө киргизилип, зарылчылык болгондо тыюу салынат.
Орус өкмөтү достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн тизмесин, Россияда келишим түзө турган чыныгы адамдардын санын жана чара көрүүнүн узактыгын аныктайт.
Мындай чектөө, бул өлкөлөрдөн Россияга барган дипломатиялык миссия өкүлчүлүктөрүн камтыбайт.
Булак: NazarNews.kg