www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын президенти Джо Байден Кыргызстандагы элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кылып дайындоо ниетин билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросуна Борбор Азиянын беш өлкөсү, Индия, Пакистан, Ооганстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары, Бутан кирет.

Өз кезегинде, элчилик Дональд Лу жаңы кызматта кыргыз-америка мамилесин тереңдетүү боюнча ишин улантат деп билдирди.

Эске салсак, Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылдын 18-сентябрында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости