www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кээбир депуттардын жакындары мага кайрылышат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

--“Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдарды колдоодо жең ичинен сүйлөшүп алышат. Айрымдары акча алып жатышса керек. Аны айтышпайт. Бизде бай депутаттар абдан көп. Алардын акчасы кенен болуп, мүмкүнчүлүктөрү көп, бул бир жагынан жакшы. Себеби, чет мамлекеттерден билим алып, тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Мени байлардын депутат болуусуна каршы дешет. Эч кандай каршылыгым жок. Болгону булар мамлекеттик кызматта отуруп, бизнести дагы кылып жатышат. Негизи  мамлекетке кызмат кылам деп депутат болуп келгенден кийин иштеши керек. Алар бошобой бизнестери менен алектенип жүрүшөт. Карапайым элдер келсе кабыл алышпай, ордуларында жок. Кээде жыйындарга келишпейт. Мен келген карапайым элдерди дайыма кабыл алып көйгөйлөрүн укканга жана чечкенге аракет кылам. Керек болсо айрым депуттардын жакын туугандары мага келишет. Мен таң калам. Алар ачык эле айтышат “менде мындай тууган депутат бар, бирок ага кире албай жатам, ушул маселени сиз көтөрүп бериңизчи” дешет”, - дейт эл өкүлү.   
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости