www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Пара алуу фактысы боюнча кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ИИМдин ыкчам кызматтары билим берүү жана илим министри А.А. (Алмазбек Бейшеналиев) кармашкан.

"Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Пара алуу фактысы ар тараптуу, дыкат жана акыйкат иликтенүүгө алынып, бардык жагдайлар тастыкталууда. Кармалган министрдин баш коргоо чарасы жакынкы күндөрдө сот органдары тарабынан аныкталат", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости