www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

1-октябрда күндүз Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр катуу жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги эскертти.

Абанын температурасы төмөндөп, 1-октябрда күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +11…+16 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +16…+21 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +9…+14 градус, бийик тоолуу райондордо - 1…+4 градусту көрсөтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы -1…-3 чейин муздап, үшүк жүрөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости