www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-февралда Октябрь райондук соту Көздүн микрохирургиясы ооруканасынын директору Алмазбек Исманкуловдун баш коргоо чарасын карады.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, ал 9-апрелге чейин СИЗО-1де камакта болот.

Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору Талант Рыскулбек уулу 10-февралда коррупцияга шектелип кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишкек шаарындагы №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилбей турганына жана оорукана койкаларынын жетишсиздигине карабастан, атайылап бааланбай, мыйзамсыз ижарага берилген. Натыйжада мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости