www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, чөнтөк уурулукка жана уурдалгандарды сатууга шектүүлөр кармалды.

2022-жылдын 27-октябрында милицияга борбор калаанын тургуну кайрылып, сиңдисинин телефонун кичи автобуста уурдап кетишкенин билдирген. Андан соң КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган А.С., 1993-жылы туулган Б.Н., 1983-жылы туулган Г.С. кармалып, СИЗО-1ге камалды.

Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан 4 ноутбук, 6 планшет жана 305 уюлдук телефон табылган.

Буга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси («Кылмыш жолу менен атайылап алынган мүлктү сатып алуу же сатуу») жана 222-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Мындан тышкары, милиция башка шектүүлөрдүн өздүгүн тактап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости