www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 18-июнда өтө турчу Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга жылдырылган. Мунун себебин президент Эрдоган экзамендер жана айыл-чарба иштери боло тургандыгы менен түшүндүргөн. Бирок, баарыбызга маалым болгондой, Түркия мамлекеттинде орун алган жаратылыш кырсыгынын айынан шайлоо дагы жылдырылышы күтүлүүдө.

«Шайлоо болбой, тескерисинче парламент президенттин башкаруу мөөнөтүн жылдырып берип коюшу толук мүмкүн. Элдин көңүлү азыр референдумга эмес, башка нерсеге бурулуп турат, абал оор», - деп билдирди түркиялык саясий серепчи Айаз Акиф.

Президент Эрдоган Түркиядагы башкаруучу партиялардын бири болгон «Элдик альянс» партиясынан талапкер болорун улутчулдар партиясынын лидери Бахчели билдирди.

Ошентсе да, оппозиция тарап азырынча өзүнүн талапкерин сунуштай элек, бирок март айында ачыкка чыгарарын сөз беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости