www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Орус рублинин куну түшкөнү РФдагы мекендештерибиздин иштеп тапкан акчасы деле берекесиз болуп калды", - деди бүгүн, 13-февралда, NazarNews маалымат агеттигине жарандык активист Алмазбек Сардеков:

"Урматтуу Садыр-байке, өкмөтүңүз элди жумуш менен камсыз кыла албаса, жок дегенде миграция саясатын өзгөртүңүз! 

Эмгек жана миграция министрлиги орусча айтканда "для галочки" эле иштеп жүрүшөт. Министрлик жоопкерчиликтен качып, чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча лицензияларды жеке компанияларга берип салышкан. Ал жеке компаниялар аркылуу чет өлкөгө барып, максатына жетпей ара жолдо калгандар же алданып калган жарандарыбыз аз эмес!

Орус рублинин куну түшкөнү РФдагы мекендештерибиздин иштеп тапкан акчасы деле берекесиз болуп калды. Ошол себептен Европа, АКШга кетүүнү каалагандардын саны көбөйдү. Ал турсун, тобокелчиликке салып, АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кеткендердин саны дагы өсүп жатат. 

АКШ менен Европа оор жүк ташуучу унаа айдоочуларына муктаж жана бул тармак эң жогорку айлык төлөнүүчү тармак болуп эсептелинет!

Бирок Кыргызстанда жаңы техника-транспорттор менен толук жабдылган, мыкты окуткан бир дагы заманбап автомектеп жок!  Биздеги автомектептер дагы "для галочки" окутушуп эле, айдоочулук күбөлүктү берүү МАИ тарабынан коррупциялык жолдор менен ишке ашырылаары жашыруун деле эмес! 

Урматтуу президент Садыр-байке! Сиздин Өкмөтүңүздүн Эмгек жана Миграция министрлиги эмне үчүн ушул тармакты колго албайт? 

Жайнаган кесиптик-техникалык лицейлердин бирөөсүн заманбап техника-транспорттор менен камсыздап туруп, "чет өлкөгө барып айдоочу болуп иштейм, көп акча табам" деген мекендештерди колдоп, окутуп, жардам берип коюуга эмне үчүн болбойт? Керек болсо, ушул жол аркылуу РФдагы мигранттардын да санын азайтып, Кремлге болгон көз каранды саясаттан дагы азыраак болсо дагы кутулсаңыз болот эле", - деди Алмазбек Сардеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости