www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамбурдагы миллиционердин жасаган мамилесине ызаланып келсем, мунусунун жасаган мамилесине ого бетер күчөп, түз эле Молдомуса Ташболотовичке чалдым. Бул тууралуу Медербек Ысманалиев социалдык баракчасына билдирди.

"Молдомуса Ташболотович мекендештерибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо чоң иш жасаган.

2008-жылдын март айы.


Россия Федерациясына каттаган поезддеги жарандардын укугун коргоо боюнча долбоорду баштоонун алдында Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик мекемелери менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзгөнбүз.
Алардын ичинде КР Ички иштер министрлиги да бар эле.

Молдомуса Ташболотович менен болгон жеке жолугушууда "Долбооруңар мага аябай жакты, Мекендештерибиздин укуктарын коргоодо биздин чоң салымыбыз болсун. Мына визиткам, сутканын кайсы мезгилинде болсо да чала бер" деп визитканын артына өзүнүн жеке уюлдук телефон номерин жазып берди.

20-мартта юристтердин биринчи тобун узатуу үчүн  темир жол вокзалына бардык. Түп-түз эле бир вагондун тамбурунда, колуна жүргүнчүнүн паспортун кармап алган  жаранды бурчка такап алып, бир нерселерди талап кылган миллиционердин жанына бардым. Саламдаштым. Мени карап "эмне болду?" деди. "Мен юристмин, паспортту алганга акыңыз жок, берип коюңуз" дегениме "ары турчу" деп жооп берди.

Унчукпай, поездден түшүп, вокзалдагы  милиция бөлүмчөсүнө кирсем, 4 милиция кызматкери олтуруптур. Бурчта 4-5 жарандар- мекендештер турушат. Кирип барып "начальник ким экен бул жерде?" деп сурасам, бирөөсү" башын көтөрүп "эмне болду?" деп сурады.

"Бүгүндөн баштап вокзалда жана презддерде мекендештерибиздин укуктарын коргоп юристтер жүрөт" деп  түшүндүрсөм, колу менен жаңсап "чык дагы, эшикти жаап кой" деди. Тамбурдагы миллиционердин жасаган мамилесине ызаланып келсем, мунусунун жасаган мамилесине ого бетер күчөп, түз эле Молдомуса Ташболотовичке чалдым. Жооп берээри менен атын атабай туруп учурашып, жагдайды түшүндүрсөм  "Телефонду тигиге берчи" десе тиги милиционер "ким бул, мен сүйлөшпөймүн телефондон" деди. Акыры "генерал менен сүйлөшүп коюңуз" дегенге туура келди.
Ишенип-ишенбей телефонду алып, учурашып "да, есть, есть, да, есть..." деген бойдон отурган жеринен "смирно" туруп калды. Телефонду мага берип, жанындагы кесиптештерине "чыгып тургула, мен бул жак менен сүйлөшүп алайын" деди. Менин өтүнүчүм менен кармалып турган 4-5 жаранды коё беришти жана тамбурдагы баланын паспортун кайтарышты.
Ошол күндөн баштап Бишкек шаарындагы темир жол вокзалында тартип орноду.
Долбоордун аягына чейин Муса аке жардамын берип турду.

Сизге терең ыраазычылык, Муса аке!
Үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам...

Жараткан жайыңызды Жаннаттан берсин, Молдомуса Ташболотович", - деди Медербек Ысманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости