www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ротацияны киргизүү
Ротация – бул биринчиден коррупциянын алдын алуу чарасы болсо, экинчиден бул трайбализмге балта чабуу болуп эсептелет. Биздин элдин жердешчил, тууганчыл, уруучул менталитетин эске алып, бул системаны мурда эле киргизүү керек болчу. Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдарда ротация системасы жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбай келет. Муну аткаруу үчүн мамлекеттик кызматкерлерге атайын шарттар түзүлгөн эмес! Бюджеттен акча бөлүп көп кабаттуу үйлөрдү куруп, ал үйлөр мамлекеттик менчик катары Мамлекеттик Мүлк Фондунун балансында калып, жергиликтүү администрацияларга пайдаланууга гана берилиши жана эч кимге эч качан менчиктеп кетүүгө жол берилбеши керек. Ротацияны 3 этап менен ишке ашырууга болот.
1-этапта: Ош, Бишкек шаарлары менен облустук борборлорго бир-экиден көп кабаттуу үйлөр салынып, мамлекеттик жана облустук даражадагы кызматкерлерди;
2-этапта: ар бир район-шаарларга үйлөрдү куруп, райондук деңгээлдеги кызматкерлерди;
3-этапта айыл өкмөттөрдөгү муниципиалдык кызматкерлерди ротациялоо маселесин карап көрсөңүз.
Ротация болуудан 3 тарап тең бирдей пайда табат.
Мамлекеттин көргөн пайдасы; Мамлекеттик органдарда коррупция азаят, элдин бийликке болгон ишеними калыптана баштайт, регионалдык бөлүнүү коркунучтары жоголот.
Элдин көргөн пайдасы; мамлекеттик органдарда кландык топтор болбойт, баардык маселелер кол ийрисине тартат, болбой калыстык менен мыйзам чегинде чечилет. Ал эми, мамлекеттик кызматкердин көргөн пайдасы;
Өлкөнүн ичинде саякаттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, эл-жер көрүп аң-сезими өсөт, жеке турмуштук тажрыйба топтойт.
Алмазбек Сардеков, NazarNews.kg