www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен мурдагы макалаларымда кыргыз экономикасын алдыда кыйынчылыктар күтүп жатканын бир нече жолу эскерткен элем.

Айткандай эле азыр биздин өлкөдө экономикалык өсүш жокко эсе болуп калды. Өткөн жылы ички дүң өнүмдүн өсүш темпи 3,5% түзгөн. Быйыл ал алгачкы беш айдын жыйынтыгы боюнча 5,6 % болду деп жатышат. Бирок бул Кумтөр алтын кенин кошкондогусу, кошпогондо 1,5% араң жетет.

Экономика өзү ушундай нерсе болот: бүгүн боло турган өсүштүн камын бир нече жыл мурда көрүш керек. Анткени бул багытта жүргүзүлгөн реформалар бир нече жылдан кийин гана өз жемишин бере баштайт. Ошондуктан бүгүнкү кыйынчылыктар үчүн жалаң эле Сооронбай Жээнбековду айыпташ адилетсиздик болор эле. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эмне кылды?

2010-жылы өлкөдө революция болуп өткөнү менен экономикада көзгө көрүнөрлүк жылыштар болбой, ички дүң өнүмдүн өсүш темпи орто эсеп менен 4% түзүп, абал тескерисинче, Курманбек Бакиевдин мезгилиндегиге караганда бир кыйла төмөн болуп туруп алды. Бийликти кулатууга чыккан элдин ою боюнча жеп-ичпеген, элди ойлогон жакшы адамдар бийликке келип, революция элдин турмушун кескин жакшыртышы керек болчу.

Чынында эле, андай кыла албаган революциянын кимге кереги бар? Революциянын аркасы менен бийликке келген, өзүн өтө күчтүү чарбакер ишкер деп эсептеген Атамбаев албетте, мындай коомдук талапты байкамаксанга салып коё албайт болчу. Бул үчүн Атамбаев кескин кадамдарга барды. Ал Орусияга ыктап, андан акча алып келип экономиканы оңдойм деп ойлоду.

Советтер Союзу учурундагы жүргүзүлгөн улут саясатынан улам кыргыздарда «бизди Орусия кор кылбайт, ага ишенсе болот» деген түшүнүк бекем калыптанган. Кыргыздар бири-бирине ишенбеши мүмкүн, бирок «Москва айтты» десе Кудай өзү айтып жаткандай эле кабыл алышат.

Кыргыз базарын чет элдин товары басты Орусия азыр коммунисттик идеалдарды ишке ашырууга аракет кылган Советтер Союзунун учурундагы Орусия эмес. Мен бир макаламда айтканымдай, бүгүнкү Орусия өзүнүн табияты боюнча 1916-жылы Үркүндө кыргыздарды кызыл кыргын кылган падышалык Орусияга жакын. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Орусия менен тыгыз мамиледе болуп, анын курган эл аралык уюмдарына үзгүлтүксүз катышып келгени менен бул мурда номиналдуу эле нерсе болчу. ЖККУга барабы, КМШнын жыйынына барабы, ал кыргызча айтканда Кыргызстан үчүн жөн эле «көз көрсөтүү» болчу. Түшүнгөн кишиге Атамбаевдин тандап алган жолу өтө опурталдуу жол эле.

Эгерде Кыргызстан Орусиядан акча алса, анда анын айтканын кыңк дебей аткарып, кыл дегенин кылып, бас деген жагына басып көз каранды өлкөгө айланмак. Анын талаптарын аткарам деп жатып, башкалардан кол үзмөк. Орусиянын досун дос деп, душманын душман дешке туура келет болчу. Орусия эч кандай шарт койбой өз жардамын берип келген АКШ эмес, ал муну талап кылат эле. Анткени Орусия 90-жылдарда Совет империясы кулап, өз колонияларынан айрылгандан кийин ичине кек сактап калган жайы бар.

XXI кылымдын биринчи он жылдыгында мунай менен газдын баасы кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу Орусия экономикалык жактан өзүн бир топ кубаттуу сезе баштаган. Атамбаев бийликке келген учурда анын АКШ менен эрегишүүсү, ага теңата болгусу, мурдагыдай дүйнө элдеринин тагдырын чечкиси келери байкала баштаган. Баарынан жаманы - Орусия бир адамдын бийлигине негизделген авторитардык өлкө, Кыргызстан анын жетегинде калып, өзүнүн демократиялык жетишкендиктерин жоготуп алуу коркунучу бар эле. Атамбаев мунун баарына көз жумду. Кыргызстанды ал Орусиянын колуна өткөрүп берди. Сөздүн чынын айтыш керек, Атамбаевдин анысына каршы болгондор деле дээрлик болгон жок.

Атамбаев адегенде эле кызылдай акча тууп турган АКШнын базасын кууп чыкты. База бюджетке жылына 80 млн. доллар каражат берип турган эле. Атамбаевдин айткан жүйөсү бул болду: база Бишкекке жакын жайгашкан, кокус мусулман өлкөлөр АКШнын базасын бомбаласа, Бишкек да жабыркайт. АКШнын базасы 60 чакырым аралыкта турса, Орусиянын базасы Бишкекке андан жакын - 20 чакырым жакын турарын, Америка сыяктуу эле Орусия деле мусулмандар менен согушуп жатканын ал оюна да алган жок. «Аэропортту бошотуп алып, дүйнөлүк маанидеги хаб кылам» деп чыкты. Бирок анысы ишке ашпады.

Кыргызстанда салык жыйноо азайды «Кыргызга «Кыргызгаз» эмес, газ керек» деп стратегиялык маанидеги ишкананы Орусияга бир долларга өткөрүп берди. Кытай курганы жаткан Европага жол ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан баш тартты. Бул жол Кыргызстанга жылына 100 млн. доллар акча берип турары айтылып жаткан. Анткени аны Орусия каалабады. Орусия Кыргызстанга башка жол ачылып көз каранды болбой калышынан коркту.

Кыргызстанды келечеги күмөн, Орусиянын азыркы бийлиги ураса, аны менен кошо урай турган ЕАЭБге киргизди. Бул үчүн ал «Кыргызстандын ички рыногу өнүгүүгө аздык кылат экен, ЕАЭБге кирсек 200 млн. калкы бар чоң рынок ачылат, анын аркасы менен экономика дүркүрөп өсөт» деген, экономиканы жакшы түшүнбөгөн адамдар ишене турган жомокту ойлоп тапты. Кирдик. Киргенде да мурда ДСУга (ВТО) кандай тез кирсек, ЕАЭБге да жоо кууп келаткансып ошондой эле тездик менен тез кирип алдык. Бирок ички дүң өнүмдүн өсүшү көбөйгөн жок. Ал ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан менен Тажикстандыкынан кыйла төмөн болду.

Ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Бизде арзан электр энергиясы жана арзан жумушчу күчү бар, ишкерликке салынган салык да жеңил. Бир гана кемчилигибиз - биздин рынок инвесторлор үчүн тардык кылат. Эгерде ЕАЭБге кирсек, Орусияны акмалап жүргөн инвесторлордун баары бизге бурулуп, инвестиция Кыргызстанга дарыядай агып кирет» деген. Бирок инвестиция келген жок. Орусиянын жардамы менен бүтмөй болгон Камбар-Ата ГЭСтери, түндүк менен түштүктү бириктирген темир жол жана башка Туруктуу өнүгүү стратегиясына кирген көптөгөн обьектилердин бири да курулган жок. Орусия Жогорку Нарын каскады деп аталган майда ГЭСтерди камтыган долбоорду баштап, ал да бир жылга жетпей токтоп калды. Чыдамы кеткен Атамбаев аны өзү кууп чыкты. Бирок инвестиция бийлик күткөн Орусиядан эмес, Кытайдан келди.

Кытайдын жардамы менен Датка-Кемин электр линиясы тартылып жана түндүк менен түштүктү бириктерген автожолдун курулушу башталды, Бишкек Жылуулук электр борбору модернизацияланды. Бирок ал Атамбаев ойлогондой экономикага көп деле дем берген жок. Тескерисинче, тышкы карыз кескин көбөйүп, курулуш бүтө электе эле баш оору жарата баштады. Эсептөөлөргө караганда алдыңкы жылдарда Кыргызстанга алган карызы үчүн жылына 300-400 млн. доллар төлөп берүүгө туура келет. Кыргызстандын бир жылдык мамлекеттик бюджети 2 млрд. доллардын тегерегинде экенин эске алганда, бул канчалык оор болорун түшүнүү анчалык деле кыйын эмес.

Атамбаевдин ордуна Жээнбеков президент болгонуна билинбей эле эки жыл болуп калды. Жаңы бийлик мурдагыдан айырмаланып өндүрүш ачууну эмес, коррупция менен күрөштү башкы багыт кылып алды. Атамбаевдин учурунда аткарылган долбоорлор текшерүүгө алынып, экс-президент баштаган бир нече аткаминерге жеп-ичкени тууралуу айып коюлду. Бирок коррупцияга күрөш өнөктүгү коомчулук тарабынан президенттин жакын адамы Матраимовду жоопко тартуу жөнүндө талап коюлгандан кийин токтоп калды. Азыр казынага мерчемделген салык чогулбай, бюджеттин тартыштыгы өсүп кетти. Финансылык туруктуулук, тактап айтканда баалардын жана улуттук валютанын туруктуулугу көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу келип чыкты. Жаңы бийлик жада калса эң жөнөкөй деп эсептелген мамлекеттик аппаратты кыскартууга да барган жок. Болгон аракети – «казынаны толтурбасаңар кызматтан кетесиңер» деп жетекчилерди коркутуп жатат.

Бир сөз менен айтканда экономикада мактана турган эч нерсе жок. Өкүнүчтүүсү - мындай абал көпкө - бир нече жылга созула турган болуп турат. Анткени Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында башталып, Бакиевдин учурунда күчкө кирген экономикалык өсүштүн булагы Орусиядан чыккан. Мунай менен газдын арзандашы жана ага кошумча болуп Батыштын киргизген санкциялары Орусиянын өзүнүн экономикалык абалын кескин начарлатты. Ошентип тыштан түрткү болуп турган экономикалык өсүштүн булагы соолуп калды. Бул Кыргызстан мурдагы Акаев кезиндеги таз кейпин кайра кийди дегенди билдирет. Өлкө кайрадан институционалдык проблемаларга барып такалды. Рынок мамилелерин жөндөгөн эрежелерди талапка ылайык кайра куруп чыкмайынча экономикада жылыш болушу күмөн.

Сапар Орозбаков, экономист, публицист

Булак: Багыт.kg

Последние новости