www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балдар үчүн тартылган жаңы кыргыз мультсериалы көрсөтүлө баштайт.

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы «Алтай жана анын достору» аттуу 2D анимациялык сериалын тартууну аяктады.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргыз тилиндеги мультсериалдын башкы каарманы — күчүк Алтай. Ал Кыргызстанды кыдырып жүрүп, Кермет айылында ак илбирс Асман, коён Мейкин жана чычкан Ширин менен достошот.

Мультсериалда каармандар ар түрдүү окуяларга туш болуп, достук, жаратылышты сүйүү жана бири-бирине жардам берүү тууралуу маанилүү сабактарды алышат.

Сериал жалпысынан 40 эпизоддон турат. Ар бир сериянын узактыгы 5 мүнөт болуп, 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарга арналган.

Мультсериалдын көрсөтүлүшү 24-августтан тартып «УТРК Баластан» телеканалында башталат.

Последние новости