www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30–31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өтөт. Буга байланыштуу шаарда транспорт агымы көбөйүп, айрым учурларда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

«Бишкек Аренага» шаардын ар кайсы аймактарынан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  1. Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
  4. А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  5. «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  6. Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичирайону);
  7. «Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичирайону);
  8. Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
  9. Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  10. Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
  11. Алтымышев көчөсү, 98/1;
  12. Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
  13. Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
  14. Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
  15. Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (ДЕПО-2);
  17. Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
  18. Дэн Сяопин проспектиси, 209;
  19. Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
  20. Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  21. Тыналиев көчөсү, 16.

Шаттлдардын каттамдары тууралуу маалыматты «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинен көрүүгө болот.

ИИМ айдоочуларды мүмкүн болушунча жеке унаадан баш тартып, коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.

Последние новости