www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Махабат Тажибек кызы адам укуктарын коргоо жана эркин журналистика жаатындагы эмгеги үчүн The Albies эл аралык сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлдү.
Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Facebook баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, сыйлыкты тапшыруу аземи 7-октябрда Лондондо өтөт. Абдирасулова Махабат Тажибек кызынын сыйлык тапшыруу аземине катыша алабы же жокпу деген маселе 25-августтагы сот отурумунда белгилүү болорун белгилеген.
Ошол эле күнү Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызына карата козголгон кылмыш ишин кайрадан кароону улантат.
«Азаттыкка» журналисттин жактоочуларынын бири Акынбек Ногоев билдиргендей, адвокаттардын кылмыш ишин кайра кароону токтотуп, аны толугу менен жабуу тууралуу өтүнүчү сот тарабынан четке кагылган.
The Albies — адам укуктарын коргоо жаатында өзгөчө салым кошкон адамдарды жана уюмдарды белгилеген эл аралык сыйлык.