www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан түзгөн «Мекке келишиминин» биргелешкен коргонуу блогуна кошулууга расмий чакыруу алды.
Бул тууралуу Иран парламентинин маалымат агенттигинин жетекчиси Мехди Рахими билдиргенин Al Mayadeen телеканалы жазды.
Рахиминин айтымында, Ирандын жетекчилиги учурда бул сунушту карап жатат.
Эске салсак, Сауд Арабиясы, Түркия жана Пакистан «Мекке келишимине» 7-августта кол коюшкан. Документ үч өлкөнүн жамааттык коргонуу жана аскердик бөгөт коюу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө багытталган.
Келишимге ылайык, катышуучу мамлекеттердин бирине жасалган куралдуу кол салуу үч мамлекетке тең жасалган кол салуу катары каралат.
Ошондой эле документ коргонуу тармагындагы аскердик кызматташтыкты кеңейтүүгө, координацияны күчөтүүгө жана коргонуу өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.
Келишимге кол коюлгандан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган документ эч бир өлкөгө каршы багытталбаганын билдирген. Анын айтымында, келишим тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө кызыкдар болгон аймактагы башка мамлекеттер үчүн да ачык.
Пакистандын Москвадагы элчиси Файсал Нияз Тирмизи буга чейин «Мекке келишимине» каалаган өлкөлөр, анын ичинде Иран да кошула аларын билдирген.
Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи келишим мамлекеттер коопсуздук маселелеринде өздөрүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө таянууну чечкенин көрсөтүп турарын белгилеген.