www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ундун баасы эки эсеге көтөрүлүп, эл кыйналып жатат” деп келе жаткан шайлоо алдында кыйкырып чыккан КСДПчы депутат айым Айнуру Алтыбаеванын сөзүн Өкмөт “калп!” деди.

 Өкмөт тараткан расмий маалыматтарга ылайык, былтыр ушул октябрь айында буудай унунун биринчи сорттогу бир килолук баасы 23,7 сомду түзгөн болсо, быйыл ал баа 28,1 сомго жеткен. Тагыраагы, ундун баасы былтыркыга салыштырмалуу депутат айым айткандай эки эсеге эмес, 18,4%га көтөрүлгөн.

Ал эми, ошол эле буудай унунун 2-сорттогу былтыркы орточо баасы 17,7 сом болгон болсо, аталган баа быйыл 20,3 сомго чыгып. бул сорттогу унга болгон кымбаттоо 14,8%ды түзгөн.

Мм... Демек, муну депутат айымдын шайлоо алдындагы упай топтоо айлакерлиги деп түшүнсөк болчудай. Андай эмес десе, албетте, Жогорку Кеңештин трибунасында айткан сөзүн далилдеп бериши абзел. Ар бир айтылган сөздүн жоопкерчилиги да бар эмеспи, эмне дейсиз, эжеке?..

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости