www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата...

Кыргыз элинин “Жашыӊда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”- деген жакшы бир  накыл кеби бар. Жашыӊ жетилип, билегиӊ каруу-күчкө толуп турган убагыӊда элиӊе, жериӊе ак кызмат кылганга эмне жетсин. Жаштык деген - ичсе ашка, иштесе ишке тойбой турган керемет учур эмеспи. Ал эми жашыӊ өтүп, карылык эшик какканда кылган эмгегиӊдин акыбети кайтып,  алдан-күчтөн тайган кезде да коомчулукка керек экениӊди сезүү дөөлөттүү карылык эмей эмне? Балдардын сыйын көрүп, небере эркелетип, көргөн-билген нерселериӊди жаштарга үйрөтүп, акыл-насаатыӊды айтып, төрдө отурар кутман карылыкты Жараткан барыбызга насип этсин дейли! Мына ушундай кутман куракка келип, дөөлөттүү карылыкты башынан кечирип жаткан каарманыбыз – Оруналы Кыштобаев.

Милициянын ардагери Оруналы Шакинович буга чейин  ички иштер органында үзүрлүү эмгек өтөп, милициянын капитаны чини менен ардактуу эс алууга чыккан. Каарманыбыз мындан туура 36 жыл мурун ички иштер органынын босогосун аттаганын айтат. Тактап айтканда, 1983-жылы Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматында иштөө менен эмгек жолун баштайт. Андан кийин ушул эле бөлүмдө нөөмөткердин жардамчысы болуп эмгектенет. 1990-жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгына которулуп, жол көзөмөлдөө кыймылынын  тескөөчүсү болуптур. Төрт жылдан кийин 1994-жылы Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп эмгектенгендигин айтат. Бир жылдан кийин Миӊ-Куш шаарчасында жол көзөмөлдөө кыймылынын улук тескөөчүсү, андан кийин кайрадан Нарын шаарына келип, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын улук тескөөчүсү болуп кызмат өтөгөнүн билдирди. 13 жылдан бери эс алуудагы Оруналы Шакинович ардактуу эс алууга 2006-жылы чыккан экен. 

Өмүр бою иштеп көнүп калган каарманыбыз үйдө бекер отура албай, учурда насаатчылык милдетти аткарып келет. “Ардагер катары колумдан келген жардамымды берүүдөмүн. Биринчиден, жаш кызматкерлерге насаатчылык кызматыбызды көрсөтүп келебиз. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин буйругу менен бизге атайын кызматкерлерди бөлүп берген. Аларга акыл айтып, жол көрсөтүп, насаатчылык милдетибизди аткарабыз. Андан сырткары өзүбүздүн ардагерлер кеӊешинин төрагасынын тапшырмасы менен майрамдарда, даталуу күндөрдө  өзүбүзгө бөлүнүп берилген айылдык мектептер менен иш алып барабыз. Мектептерге барып, ошол жердеги окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мындай аракетибиздин максаты биринчиден, ички тартипти көзөмөлдөө болсо, экинчиден, мектеп рэкетчилигин жоюу болуп эсептелет. Түшүндүрүү иштеринен сырткары да окуучулардын тарбиялык ишине көзөмөл салып, жүрүм-турум тартиптери боюнча лекцияларды окуйбуз” - дейт ардагер. Анын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, кызматкерлери тарабынан ардагерлерге жетишээрлик көӊүл бурулат. Жакшы алакада болуп, РИИБ жетекчилиги майрамдарда жана даталуу күндөрдө ардагерлердин башын бириктирип, сый көрсөтүп турат. Кандайдыр бир маселе болсо чогуу ортого коюшуп, биргеликте чечкенге аракет кылышат экен. “Ардагер болуу мен үчүн биринчиден сыймык болсо, экинчиден чоӊ жоопкерчилик” деген маектешим, “Биз дагы колубуздан келген жардамды РИИБ кызматкерлерине бергенге аракет кылабыз. Кылмыштын бетин ачууда болобу, тартипти сактоодо болобу өз көмөгүбүздү көрсөтүп, жаш кызматкерлерди колдоп турабыз” - дейт.  Кандайдыр бир кылмыш ишинин бетин ачууга түздөн-түз катышпаса да насаатчы институту милиция кызматкерлерине көмөктөшкөн учур көп эле катталат экен. Кандай болгон күндө да насаатчы институтунда жетишээрлик тажрыйба бар эмеспи, андыктан алар аймактык тескөөчү, кылмыш иликтөө бөлүмүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып, кабарлашып турушары маалым болду. Сөздүн ток этээрин айтканда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеӊешинин бүгүнкү алып барып жаткан иши мезгил талабына толук жооп берет.

Учурда аталган райондук бөлүмдө  84 ардагер бар. Коомдук тартипти жөнгө салууда, кылмыштуулукка бөгөт коюуда ардагерлер колдорунан келишинче аракет көрүп жатканын байкоого болот. Ал тургай майрамдарда, шайлоо учурунда ардагерлер да чыгып, ич ара бөлүнүп алышып, аймактык тескөөчүлөргө жардам беришээрин эшиттик. Жаш кызматкерлерди туура багытка багыттап, болгон акыл-насааттарын айтып, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда аздыр-көптүр өзүлөрүнүн салымын кошуп жаткан ардагерлердин иши көргөн адамдын көзүн кубандырбай койбойт. Алардын айткан кеби айрым жаш кызматкерлерге жакпаса, дээрлик бардыгы туура эле кабылдашат. Насаатчы институту эӊ негизгиси жаштарга өздөрүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүшүп, милициянын  атына көө жаппай, атын татыктуу алып жүрүүлөрүн суранышат. 

Оруналы Кыштобаев “Милиция бул - эл менен иштеген адам. Коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп жаткандан кийин биринчиден өзү таза болушу керек. Андан кийин эл менен жакшы мамиледе болуп, коомчулук менен биргеликте иш алып барышы зарыл. Анткени милиция кызматкери өзү биринчи коомго үлгү боло турган инсан” – дейт. Маектешим иш жолунда кездешкен кылмышкерлер, төбө чачты тик тургузган кылмыш-кырсык фактыларын да айтып, басып өткөн жолун эстеп алды. “Иштеп жүргөндө бир топ эле кылмыштардын бетин ачтык. Арасында  уурулуктан баштап, адам өлтүрүүгө чейинкилери дагы бар. “Эсимде, ушу Кочкор районунда адам өлтүрүү боюнча бир окуя болгон. Такси айдап, эптеп үй-бүлөсүн багып, жан сактап жүргөн бир бечараны карактап, андан кийин да жөн койбой, аны өлтүрүп, унаасын уурдап кетишкен эле. Ушул иштин бетин ачуу боюнча иштеп калдым. Эми адам өлүмү менен коштолгон бардык эле кылмыштар оор да. Анын сыӊарындай бул иштин бетин ачуу да мен үчүн оор болгон. Окуяга анализ жүргүзүп, маалымат чогултуп, иштеп баштадым. “Уурунун арты кууш” дегендей, көрсө кылмышкерлер ушул эле биздин айылдын балдары экен. Көп узабай эле колго түшүшкөн. Аларды колго түшүрүүгө айыл эли да кол кабыш кылып, иш тез жүргөн. Кармалган балдардын бардыгы жазага тартылып, өлүм жазасы берилген” - деп басып өткөн жолун барактап алды Оруналы аксакал.

“Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” демекчи, Оруналы Кыштобаевдин  кызы дагы ата жолун улантып, милиция кызматкери. Атасындай милиция кызматкери болууну максат кылган кызы алгач  Э.Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин Академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагандан кийин өз кесиби менен иштеп баштаган. Ал учурда күзөт департаментинде тескөөчү болуп иштеп жаткан убагы.

Автор: Т. Тойчиев

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости