www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кечээ кечинде кармалып, ал дагы эле УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, кечээ түнү саат 04:00 чамасында Алтынбек Сулайманов УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Ал дагы эле ошол жерде.
Анын кармалышынын себеби азырынча белгисиз.
УКМКнын бул тууралуу маалымат бере элек.
27-сентябрда Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирип, жергиликтүү башкаруу системасына реформа керек экенин, бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда элетте эч кандай өнүгүү болбой турганын айткан.
Булак: Kaktus.media