www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Бекболот байке, учурда элибизди орус-украин жана Баткен согушу мүшкүлгө салып жатат. Бул окуялардагы соңку кырдаал боюнча сурообуз бар эле. Россияда жартылай аскердик мобилизация жарыяланып, мурда орус жарандыгын алышкан кыргыздар да согушка бара турган болду. Бул маселе боюнча биздин коомчулукта кайчы пикирлер жаралууда. Бирөөлөр “жарандыкты алган соң жаңы мекенин коргошсун” дешсе, экинчилер “барышпасын” деп жатышат. Сиз кандай пикир айтасыз?

-- Россиянын атайын аскердик операциясы башталганда биздин президент Садыр Жапаров “бейтарап позицияны кармайбыз” деген билдирүү жасаган. Бул туура чечим болгон. Бирок, бийлик атайын мыйзам кабыл алып, өз жарандарынын да орус-украин жаңжалы боюнча бейтарап болуусун камсыз кылышы керек эле. Бийликтин буга акылы жетпеди. Кыргыз коомчулугу бири орустарды жактаса, экинчи тарабы украиндерге ооп, тынымсыз “тытышып” келе жатышат. Эми жартылай аскердик мобилизация маселеси боюнча да соцтармакта “кырылыш”. Муну менен маселе чечилбейт. Маселени бийлик дароо түшүнүп чечиш керек эле. Мисалы, мен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ордунда болсом, анда Москвага атайын учуп барып, орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп, кенен сүйлөшүп, түшүндүрүп, мобилизация боюнча согушка бара турган кыргыз улутундагы жарандарды Россиянын жарандыгынан чыгарып, аларга кайра Кыргызстандын жарандыгын бермекмин. Болжолу, мобилизациянын биринчи толкунуна элүү миңдей кыргыздар туш келсе керек. Эгер экинчи толкуну болсо, анда дагы элүү миңдей. Демек, жүз миң кыргыз улутундагы жарандарды кайра Кыргызстандын жараны кылмакмын. Бул менин колумдан келмек.

-- Баткендеги окуя боюнча да сурообуз бар. Мурдагы күнү оппозициячыл “Бириккен демократиялык кыймыл” (БДК) уюму кыргыз-тажик жаңжалына себепкер катары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган билдирүү таратты. Ал жүйөлүүбү?

-- Жарым жыл мурда БДК түзүлгөндө бийликти жактагандар “ушулар кантип оппозиция болсун!” деп шылдыңга алышкан. Бирок бул уюм улам бир билдирүү менен чыгып, бийликтин шайын бир топ оодарып салды. Өзгөчө Кумтөр кени боюнча түзүлгөн келишимди, чет жакка белгисиз сатылып кеткен алтын боюнча казып олтуруп, булардын түбүнө жетчүдөй. Анүстүнө айрымдар бул бийликтен кача башташпадыбы. Ал эми Камчыбек Ташиевге жасалган чабуул – бул тактикалык жүрүш. Оппозициянын түпкү көздөгөнү президент Садыр Жапаровду тактан кулатуу, кыргыз өлкөсүн демократиялык өнүгүү жолуна салуу. Ал үчүн алгач президенттин жанындагы күчтүү жетекчини кызматтан кетирүү керек. Ал, албетте, Камчыбек Ташиев. Алсак, оппозиция эмне себептен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбектин отставкасын талап кылбайт? Баткен согушуна биринчи кезекте ошол адам жоопкер да, туурабы? Анткени, азыр Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсү саясый кырдаалга эч кандай таасирин тийгизбейт. Анын бар же жок экени элге дайынсыз, кызыктырбайт деле...

Асланбек Сартбаев "Азия Ньюс" гезити

Последние новости