www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү жүрүштө кармалгандар боюнча ЖМКларга пикирин билдирди. Өмүрбекова Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен байланышып, кармалгандарды коё берүүнү суранганын айтты.

- Ички иштер министрлиги менен байланыштым. "Аялдар майрамында аялдарды кармоо туура эмес, алар чоң кылмыш кылган жок" дедим. "Азыр протокол түзүп, коё беребиз" дешти. Эртең бардык тараптарды чогулутуп, иликтеп, жыйынтык чыгарабыз.

Белгилей кетсек, бүгүн 8-мартта  Жеңиш аянтындагы түркүн-түстүү кийинген жаштарды жана   укук коргоочу Рита Карасартова, активист Алтын Капалованы милиция кармап кеттишкен.

Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости