www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына апасы тууралуу пикирин жазып чыкты.
"Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебин окугандан кийин мындан 6 жыл мурда пикир жазып гезитке жарыя кылдым эле “Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор” – деген эссе түрүндөгү макала, бүгүн башкы тема ЭНЕ, АПА жөнүндө болуп жаткандан кийин ошол чыгармамдан үзүндү бергим келди...
***
Шакем китебин “Бардык энелерге таазим кылуу менен, мени киши кылган Энем Канымгүлдүн жаркын элесине арнайм” деп баштаптыр. Ооба, “Энем” деп баш тамга менен жазыптыр. Ушундан улам ар кимибиз эле өз ата, өз энебиз жөнүндө жазганда сөзсүз баш тамга менен жазуубуз керек деген ой келди мага. Мен да чоң ата, чоң эненин колунда өстүм, Энемдин ысмы Канымбүбү болучу. Китепти окуп отуруп Шакемдин Энеси Канымгүл менен менин Энем Канымбүбүнүн образдарынын окшоштугуна таң калдым, оокат кылганы, сүйлөгөнү, айлана чөйрөгө болгон мамилеси бирге бир дал келип турат. Айылдан беш чакырымча жердеги Жарбулактын сайы деген жерден барып чий тартып келгенибиз, айыл үстүндөгү Таш короонун тегерегинен шакар оруп келип кургатып самын кайнатканыбыз эске түштү. Энем самынды томолоктоп-томолоктоп коюп сураган элдин баарына таратчу, көңүлүнө жакпагандарына бербей койчу.
***
Негизи эле айылда өсүп, абышка-кемпир баккан балдардын жашоосу, тарбиясы бирдей, окшош болобу деп ойлоп калдым. Энем жүн бойоп жатканда казанга салып жиберип кызыл, көк, жашыл кылып бойоп алган бир чоң баштык чүкөнү эстедим. Чүкө көп болучу, бир баштык, калп айтпасам 300 дөн ашык эле, канча заман жыйналганын билбейм. Кыштын күндөрү ала кийизди тетирисинен жайып алып упай ойночу элек, чоң атам, эжелерим кошулуп. Азыр балдар чүкө ойнобойт.
***
Апам демекчи. Мен бул жерде эле жазып жатам – Апам деп. Чоң ата – чоң эненин колунда өскөн көп эле балдар сыяктуу мен өз тууган апамды Жеңе деп чоңойдум. Мени кичинемде багышкан эжемдер, а балким Энем деле, ошол тууган апамдан мени кызганышып “жеңе” деп айт деп үйрөтүшкөн го сыягы. Атамдын карындашы Ракыя эжем айтып калат “жеңем келип калып сени өөп койсо абдан кызганып, жулкулдаган бойдон ары көтөрүп кетчүмүн” - деп. Кийин үйлөнгөндөн бир топ жыл өткөндөн кийин жубайым Абида “Өз энесин кантип жеңе десин..." – деп атып анымды калтырды. Бирок АПА деп да, же орусча эле Мама деп да айта алган жокмун, тил бурулбайт экен таптакыр. Ал эми Эне деп айта албайт болучумун, анткени Чоң энемди – Эне дечүмүн, Энеме эч ким тең келе албай турганы айдан ачык эле да. Ошентип менин өзүмдүн Апам былтыр 84 жашында менден Апа деген бир ооз сөз укпай кете берди. Балким ичинен ойлоп, ичинен самап, кыялданып деле жүргөндүр, уулум “АПА” - деп айтса деп. Мага анысын ачык айта алган жок. Мамилебиз сый болучу, ачылып эч качан сүйлөшкөн эмеспиз эне-бала катары.
Шакем өз китебинде: “...бир да жолу “апа” деп айталбай койдум... эмне үчүн “апа” деген жоксуң? – деп сурагандар болду. Буга мен азыр да эмне деп жооп береримди билбейм. Сыягы өмүр бою жооп бералбай өтчү суроолор да болот окшойт...” - деп жазат.
Ооба, бул чындык... Менде дагы бул суроого жооп жок...",- деп жазган Эмилбек Каптагаев.
Булак: NazarNews.kg