www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл көзүндөгүлөрдүн өз тилин унутуп өңгө тилде сайрап турганы кыргыз тилин чанганыбы? Же аны үйрөнүүгө мойну жар бербегениби? Албетте чет тилин билген ар бир адамдын өзү үчүн абдан жакшы.

Бирок ал ошол тилде сүйлөнгөн өлкөлөрдө барганда же жеке жашоосунда колдонсо дурус болмок. Бул ой Парламентте эл өкүлдөрү кыргызча берген суроого орусчасынан сайраган Баш проку­рор айымдын кебинен улам пайда болду.

Эми Индира айымдын бул жогорку кызматтардын бирин ээлеп турганына эки жылдын жүзү болду. Эл көзүндөгү адам. Бул учурда дитин койсо ар бир сөзү кыргыз тилинде чыгып турмак. Мунусу, “өлкөдөгү мыйзамды өзүм көзөмөлдөйм, баары мен каалагандай болот” дегендей текеберленгенге окшошуп калыптыр.

Ал эми ушундай эле сынды соц.түйүндөрдөн далай эле угуп бирок “быш” - деп койбогон ЖКда дагы бир депутат айымыбыз бар. Спикердин орун басарлыгын аркалаган, “РАЖ” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова деген. Ушул айым дагы, кой десе болбой улуу трибунада орусчасынан кетип туруп алат го. Соцтүйүндөрдө деле ошол, кыпкыргызча берилген суроолорго кашайып орусчалап жооп берип жатып калат. Анан ошол эле жерден расмий тилди жакшына түшүнө бербеген айрымдар ой да ашатып, нааразы болуп калганын көрөсүң. Болбосо, Алтынай айым кыргызчаны жакшы эле сүйлөйт. Айтылуу Манас атабыз жердеген, Чыңгыз атабыз чыккан Таластын эле кызы.

“Ачык саясат плюс"  

Последние новости