www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акыркы эки жылда үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн санариптештирүү саясаты учурдагы кризистин кесепеттерин жумшартууга өбөлгө болду», — деп баса белгиледи Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бизнес-ассоциациялары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал азыркы кезде санариптештирүү керекпи же жокпу деген суроо турбастыгын, келечек ансыз болбой тургандыгына баары ынанышкандыгын белгиледи.

Алтынбек Исмаилов карантин мезгилинде көптөгөн ишканалар толук кандуу иштөөсүн улантышканын баса белгиледи. Программисттер кайда гана болбосун санарип технологияларды колдонуу менен аралыктан иштей алышаарын кошумчалады.

Ошондой эле Алтынбек Исмаилов Жогорку технологиялар паркы аркылуу жүргүзүлүп жаткан саясат экономикадагы принципиалдуу жаңы кризистерге туруштук берген, экспортту жараткан секторго өбөлгө болуп жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары, Жогорку технологиялар паркы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп окуучулары, студенттер жана мугалимдер үчүн маалыматтык технологиялар жаатында активдүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.

«Азыркы учурда жумушсуздук көбөйүп жаткан маалда билим берүү системасына, өзгөчө IT тармагына инвестиция жасоо абдан маанилүү», — деп сөзүн жыйынтыктады Жогорку технологиялар паркынын директору.

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости