www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 309- беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча башкы фигуранттардын бири Каныбек Османалиев болгон кылмыш ишин тергөө улантылып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын УКМК К.Осмоналиевдин 2020-жылдын 2-мартындагы митингдин тынчтык жолу менен өткөрүлүшүнө жана талаптагыдай аякташына жооптуу экендигине карабастан, аталган митингдин конкреттүү күн тартиби иштелип чыкпагандыгы менен өз сөзүндө мамлекеттик башкарууга байланыштуу, ар кандай маселелерди козгоп, катышуучуларды агрессивдүү аракеттерге түрткү кылып, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөндүгү боюнча жетиштүү далилдер чогултулган.

Кылмыш ишинин материалдары боюнча С.Жапаров жана анын жакындары митингди өткөзбөөгө чакырган. Бирок К.Осмоналиев өзүнүн кызыкчылыгын көздөп митингди уюштурган. Белгилей кетсек, К.Осмоналиев четтен көзөмөл салып, массалык баш аламандыкка айланып кеткен акциянын катышуучуларынын аракетин алдын алууга аракеттенген эмес.

К.Осмоналиевдин арызындагы суракты бир эле жолу гана өткөрдү деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүруштүн алкагында тиешелүү тергөө амалдары анын түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.org

Последние новости