www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулайманов Сариев тууралуу пикирин парламенттин жыйынында айткан соң эки лөктүн ортосунда тымызын тиреш башталгандай туюлат. Себеби буга чейин Темир Сариев Алтынбек Сулаймановго жооп кылып видео кайрылуу жасады эле. Эми болсо Алтынбек Сулайманов өзүнүн мекендештерине төмөнкүчө кайрылып олтурат:

“Ассалом алейкум урматтуу мекендештер!

Биз унааны кандай пайдаланабыз дегенге жооп издеп көрөлүчү?
Кээ бирөөлөрдүн (байлардын) эки-үчтөн машиналары бар, бирин тойго, бирин тоого, бирин ишке минишет дегендей…

Балдары өзүнчө, аялдары өзүнчө машина минишет.
Мындай адамдар элибиздин 10% түзүшү мүмкүн.

Ал эми калган 90% калкыбыздын жарымында машинасы жок, мындан көбүрөөк же азыраак болушу мумкун.

Орто бай, оокаты өзүнө жетиштүү, же бир машинасынан башка эчтекеси жок адамдар да көп эле.

Машина ар адам үчүн ар кандай роль ойнойт, орусча айтканда: (роскошь, понт, средство передвижение, орудие труда).
Көпчүлүк жөнөкөй эл машина менен жанын багып жатат, үй-бүлөсүн багып жатат!!!

Машина менен эмне кылат?

Таксовать этет, жумушка барып келет, мектепке же бала бакчага балдарын ташыйт, буюмдарын, малын, эгин-тегинин, ремонтко строй материалдарын, тез жардам ордуна кошунасын ооруканага жеткирет, койчу, бул тизмени токтоосуз жаза берсе болот. Өнүккөн өлкөлөрдөй биздин өлкөдө элди ташуу (коомдук транспорт) жөнгө салына элек. Шаардан-шаарга поезддер , самолеттор, айылдан райондун борборуна жетүү, шаар ичинде троллейбус, автобус ж.б. ушунун баары жеткиликтүү эмес. Ушулардын жетишпей жатканына карабай эл өз оокатын кылып атат.

Бажы биримдигине киргендеги 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү туура эмес пайдаланып, элге каршы токтомдорду чыгарыпбыз. Бир токтом менен элге өтө чоң – миллиардаган зыян келтирип алдык. Буга ошол кездеги президент, премер- министрдин, албетте парламенттин да чоң күнөөсү бар деп эсептейм.
Башкалар мойнуна алгысы келбесе да, ушул ката-кемчилик үчүн, кеч болсо да мен жалпы элден кечирим сурайм!”, – дейт депутат Алтынбек Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости