www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байгеге татыган.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алтын медалын ута албай калып, күмүш байгеге татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында япониялык Юкако Ковайиге жеңилди.

Эсеп япониялык кыздын эсебине чечилип, 4:3 менен аяктады. Ошентип, Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалына татыды.

Буга чейин бул эки атаандаш - Айсулуу менен Юкако килемде бир нече ирет беттешкен. Биринчиси, 2019-жылы болуп, дүйнө чемпионатында кыргызстандык атлет утса, 2020-жылы Азия биринчилигинде жеңишти япониялык кыз алып кеткен.

Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду. Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости