www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чукчанын баатырларынан (богатырь) кимдер кеңеш алат?

Чукоткада туулуп, Кыргызстанда көр оокатттын айынан жанын багып жүргөн Богатыров Валентин деген кер ооз жазмакер бар. «Кызарган этке конгон чычкак чымындай» Богатыровдун кубулма жазмакер экенин көпчүлүк деле билип калды, анткени он алты жылдан бери Ала-Тоону көрбөгөн Аскар Акаевдин убагынан эле анын таманын жыттап жүргөн оокат кылып жүрүп, Фарид Ниязовдун маалымат талаасындагы ишенимдүү «желдеттерине» айланат. 

Президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева «Алга, Кыргызстан» партиясын түзө баштаганда Богатыров Валентинди башкы кеңешчи катары күчүктөй мойнунан жетелеп алган. Бул партиянын башкы идеологу катары акыл-насаатын үйрөткөндөн тажабаган «господин» Валентин Богатыров 70 мандаттан турган үчүнчү парламентке жалаң Акаевди сүйгөн трайбалисттерди топтоп, аларга каршы турган күчтөргө азуусун аркайтып, жанча баштаган. Мындай Богатыров сыяктуу «Алга, Кыргызстан» партиясынын башкы идеологу Валентин 
Богатыровдун кара тизмесине Курманбек Бакиев, Жусупбек Бакиев, Адахан Мадумаров, Акылбек Жапаров, Азимбек Бекназаров сыяктуу элдин колдоосуна ээ болгон кыргыз жигиттеринен чыккан депутаттыкка талапкерлер түшкөн. Валентин Богатыровдун кеп –кеңешинен улам Акаев менен «Алга, Кыргызстан» партиясын колдобогондорго бийлик тарабынан өтө катуу административдик ресурстар колдонулган. Байлыктуулар байлыгын «Алга, Кыргызстан» партиясы үчүн чачышса, трайбалисттик маанайдагы депутаттка талапкерлер одоно маданиятсыздык менен «кир», «жугундуларды» төгө баштаган. 

Тарыхка белгилүү, ушундай идеологдордун айынан 2005-жылдын 24-мартында Акаевдик жексур бийлик оодарылып, бул режимди түзгөн Акаев он алты жыл туулган жерине келе албай жүрдү. Валентин Богатыров технологияны өтө тез өздөштүрөт. Бөтөнчө «арамзалыктын технологиясын». Ал Акаевдин заманында Фарид Ниязовго «арамзалык» кылып жүрүп каалаган ой-максатына жеткен, бирок алардын мойнуна жамандык түшөр менене ооз ача алган эмес. Бул мезгилде «арамзалыктын алиппесин» гана үйрөнүп жүргөн. Ал эми «арамзалык илиминин докторлугун» ал, 2010-жылдагы бийлик алмашууда көрсөттү. Чукотканын коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Валентин Богатыров. 

Анын негизги ишмердүүлүгү бийликтин партиясынын башкы идеологу болгондуктан, Фарид Ниязов 2010-жылы бийлик алмашып, Убактылуу Өкмөт бийлик башына келер менен анын бийлик олимпине кайрадан алып келет. Таппасаң сыйпалап кал, «вазири бучук болсо, ханы эмне болот» деп койчу эле, Фарид Ниязов мененбиримдикте алмашкан бийликти шыбап жүрүп ал Алмазбек Атамбаевдин ишенген адамына айланат. Бекер жерден 2017-жылы Алмазбек Атамбаев президенттик кызматынан кетип бара жатып өзүнүн көздөй кишилери Сапар Исаковго «Манас» орденин, Фарид Ниязовго, Икрам Илмияновго, Албек Ибраимовго да эң жогорку ордендерди тапшырып жатканда Валентин Богатыров да бул сыйлыктардан кур калган эмес. «Прогресс» аналитикалык консорциумун жетектеген менен алдыга саресеп салгандарынын көпчүлүгү туура эмес чыгат. 

Мисалы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Ак Шумкар» жана «Замандаш» партиясы СДПКга кошулат деген пикирин элге таңуулаган. Бирок эмгиче алар кошулган жок, ал эми СДПКнын өзүнүн дайны жок калды. Мындай Атамбаевдин саясатына жетеленип чыгарган аналитикасы жүздөп саналат Чукча болсо да Валентин Богатыровдун кыргыз эли үчүн жасаган азын-оолак «эмгектерин» кыргыз эли эч качан унутпайт. Ал Атамбаев менен бирге Москваны колдоп капчыктарын кампайтыш үчүн намыстуу кыргыз элин жыгып, «Манас-Ганси» авиабазаны чыгарган. Орустар канча бергенин бир кудай билет. Эң биринчи өз элиңди сүйүп, өз элиңе кызмат кылбасаң, анан кимди сүйөсүң, кимге кызмат кыласың? Өз элин сүйүп, өз элине кызмат кылгандар, албетте, улутчул. Ошол эле орус президенти Владимир Путин орус элин сүйүп, Орусия үчүн кызмат кылып келе жатат. Аны эч кимибиз улутчул дебей эле сыйлап бергенибиз таң калычтуу. 

Ал эми Чукоткада төрөлүп Кыргызстанда жашаганы менен жүрөгү Орусия деп соккон Валентин Богатыров кыргыздарга кеп-кеңеш берип, Орусиянын саясатын гана жүргүзүп келаткан, орус улутчулу. Ага жарашабы? Апрель революциясынан соң Валентин Богатыровго окшогон куйруктар Ниязовго окшогондордун куйругунан кармап жүрүп, кыргыз элин тепсендиге калтыргысы келет. Анткени чаң жукпас Валентин Богатыров өзүнө чаң жугузбай кыргыз элинин энчисин жей турган дагы бир мансапка илээлешери бышык эле. Азыркы заманда «арзыматчылыктын» арифметикасын жадыбалдай жаттап алган «журналюгалар» көп эле учурайт. Ошолордун бири Валентин Богатыров. Анын кандай жазганын ким билет, «жел» жазмалары, дайны жок апыртмалары менен журналисттердин катарын толуктап жүргөнү чын. Ал кыргыздын жери сатылып жатса «быш этип» да койгон эмес. Кыргыздын элин малга теңеп, жакырчылыктын чегине алып барып, электрге бааны 70 тыйындан 2 сом 16 тыйынга кымбаттатып, ТЭЦти олчойгон баага ремонт кылып, элди ого бетер кымбатчылык менен муунтуп аткан убакта, Валентин Богатыровго окшогондор керектүү адамдардын колтугуна кирип алып, алардын обонун созуп ырдап турушту.

Эл кыйналса мейли, бир гана Валентин Богатыровго окшогондор сайрандап турушу керек эле. Бирок, кыргыз эли ага макул болгон жок, суук тумшук, жырткыч бийликти камакка айдашкан. Валентин Богатыровго окшогон бекер ашка кыныккандар кыйнала баштаган. Чет мамлекетке качып-бозуп жүргөн капчыктуу Сапар Исаков сыяктуу «шефтери» ага окшогон кошоматчыларын унутта калтырган жок. Элдин энчисинен жеп кеткен миллиардарынан үлөлөштүрүп аны кайра жалдап алды. Анан ага окшогондор бакырып чыкпаганда, эми эсине келгенсип элдин атынан сүйлөмүш болбогондо кимдер сүйлөйт? Валентин Богатыровдун айтымында аны кимдир бирөөлөр телефон аркылуу коркутат имиш.

Ырас кылат, ал Атамбаевдин заманында чалчактап көппөдү беле. Атамбаевдер акыйкатты айткан адамдарды күм-жам кылып, каматып, сабатып, соттоп миллиондорду моюнга салып атканда Валентин Богатыровго окшогондор дардалаңдап ресторан, түнкү клубдарда кожоюндук кылып, кыйналып аткан элдин үнүн укту беле? Албетте, Валентин Богатыровдун эки жүздүүлүк менен бет тырмаарлык кылып атканы бештен белгилүү. Антпесе, качып-бозуп жүргөн мурунку «ээлери» ага кантип «күчү-күчү» деп акча беришсин. Өзүн бир шордуу кылып көрсөтпөсө, Атамбаевдик бийлик менен сугунгандары жукпай калбайбы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости