www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчибек Жантаев Ош облусунун жетекчиси кызматынан кетип, ордуна Жогорку Кеңешке болгон 19-шайлоо округунан жеңилген Аманкан Кенжебаев барды.

Ош облусунун жетекчилигинин алмашуусу кадрдык ротация эмес, аймактык башкарууда жаңы динамиканы түзө турган саясий сигнал катары бааланууда. Элчибек Жантаевдин кызматтан кетиши көп суроолорду жараткан жок. Анткени анын кызматтагы активдүүлүгү же конкреттүү жетишкендиктери коомчулуктун көзүнө анча байкалган эмес.

Ордуна келген Аманкан Кенжебаев мурда аким, депутат болуп иштеген, аймактык реалдуулуктарды жана саясий кырдаалды жакшы билген тажрыйбалуу фигура. Шайлоодо утулганы менен, анын мамлекеттик башкаруудагы билим жана чеберчилиги жаңы кызматта натыйжалуу жыйынтык берет деп күткөндөр арбын. Айрыкча, азыркы шартта аймактарда чарба жүргүзүү, инфраструктураны жакшыртуу, калктын социалдык көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтаруу сыяктуу маселелер күч алып турган чакта, жигердүү иштеп берет деген үмүт чоң.

Кыскасы, бул кадрдык чечим Ош облусунда натыйжалуу башкарууга карай жаңы дем болушу мүмкүн.

Последние новости