www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын чет өлкөдөн жөнөтүлгөн акчалардан комиссия алууга толук тыюу салуусу жөн гана техникалык чечим эмес, өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жана адамдык капиталга түздөн-түз таасир этчү стратегиялык кадам десек жарашат. 

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин иштей турган бул чара мигранттар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн каржылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, буга дейре акча жөнөтүүчү операторлордун айрымдары, өзгөчө Россиядан рубль түрүндөгү которууларга 1,5% чейин комиссия киргизүүнү пландап жатканы кабарланган. 

Улуттук банктын чечими, бир тараптан, ошол комиссиялардан керектөөчүлөрдү коргоону көздөсө, экинчи тараптан, Кыргызстандагы акча жөнөтүүлөрдүн көлөмүн сактап, расмий каналдар аркылуу акча айлануусун стимулдаштырууну максат кылат.

Экономикалык жактан бул кадам мигранттардан түшкөн каражатка көз карандылыгы жогору өлкө үчүн маанилүү. Комиссиялардын азайышы үй-бүлөлөрдүн реалдуу кирешесин көбөйтүп, ички суроо-талапты колдоого жардам берет. Мындан тышкары, бул чечим банктар жана төлөм системалары үчүн атаандаштыкты теңдөөчү фактор болуп, алардын кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга шыктандырышы мүмкүн.

Последние новости