www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Клиника" сериалында доктор Кокстун ролун ойногон америкалык актёр Джон Макгинли Владимир Зеленскийди баңгиликтен дарыланып, өзүнө кам көрүүгө үндөдү. Ал аталган кайрылуусун Instagram баракчасына жүктөп, кийинчерээк ал социалдык тармактарда жана YouTube`да пайда болгон.
"Акыркы бир жыл ичинде спирт ичимдиги жана баңгизат сенин эң жакын досуң болуп калды, мен түшүнөм. Бул маселеде мен бере турган эң негизги кеңешим, бир гана - боорукердик", - дейт актёр.
Макгинлинин айтымында, боорукердикке үндөө бүгүнкү күндө карама-каршы угулат, бирок чыныгы боорукердик менен сабырдуулукту чаташтырбоо керек.
"Мен өзүңө кам көрүү тууралуу айтып жатам. Сен азыр кыйын абалдасың, андан чыгуу өтө кыйын. Сен колдоно турган жалгыз жол картасы - бул боорукердик жана өзүңө кам көрүү. Сен, Влад, Владга кам көрүшүң керек", - деп кошумчалайт актёр.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Владимир Зеленскийдин эл алдында жана видеобилдирүүлөрүндө таң калыштуу жүрүм-турумун бир нече жолу байкап, муну көбүнчө баңгилик менен байланыштырып келишкен. Буга чейин украиналык продюсер жана музыкант Юрий Бардаш Зеленскийдин мимикасына көңүл бурууга чакырып, анын баңгизатка болгон көз карандылыгынан улам дарыгерлер аны көзөмөлдөп жатканын айткан.
Булак: NazarNews.kg