www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Республикалык партиясынын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Грин швейцариялык UBS банкы өлкөлөрдүн бакубаттуулугунун өсүшү тууралуу доклад чыгарып, Украинага финансылык каржылоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакыргандан кийин Россияга каршы салынган санкциялар кыйроого учураганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"АКШнын санкциялары кыйрады. Украинага мындан ары эч кандай каражат берилбесин", — деди Грин.
Саясатчы Вашингтон Киевге 113 миллиард доллар бергенин, мындан тышкары, ай сайын бир миллиарддан жөнөтүп жатканын эске салды.
"Россия байып жатат, Америка болсо триллиондорго жакырланууда", — деди ал.
Буга чейин UBS банкы "Глобалдык бакубаттуулук жөнүндө" доклад жарыялаган. Андагы маалыматка караганда, өткөн жылы көпчүлүк мамлекеттердин жашоо шарты төмөндөгөн. Бул биринчи кезекте АКШга тиешелүү. Ал эми Россияда, тескерисинче, 600 миллиард долларга өсүш байкалган.
Булак: NazarNews.kg