www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын коргоо министри Алексей Резников АКШ тарабынан жөнөтүлгөн жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системаларынын (HIMARS) биринчилери Украинага келгендигин билдирди.

Резников бул тууралуу Twitter баракчасында маалымат берип: «Жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системалары Украинага келди. Бул үчүн кесиптешим жана досум, АКШнын коргоо министри Ллойд Остинге ыраазычылык билдирем. Быйылкы жай орус аскерлери үчүн ысык болот, айрымдары үчүн акыркысы болот», - деп жазган.

АКШнын президенти Джо Байден 1-июнда Украинага өнүккөн ракеталык системаларды камтыган 700 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин бекиткенин жарыялаган. Сөз болуп жаткан пакетте жогорку натыйжалуу артиллериялык ракеталык системалары да бар.

Орто аралыкка учуучу жогорку натыйжалуу артиллериялык ракеталык системалар орус армиясына согушта олуттуу түрдө сокку уруп, алардын чабуулун жайлатышы мүмкүн экени айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости