www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Евробиримдик (ЕБ) Грузиянын "европалык перспективасын" тааныганын жана бир катар шарттар аткарылгандан кийин ага талапкер макамын берүүгө даяр экенин айтты.

Мунун алдында ЕБ саммитинде Украина менен Молдовага Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамы берилген. Бул тууралуу Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель менен Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель кабарлаган.

Украина президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттап, аны Украина менен ЕБнын мамилесиндеги уникалдуу учур деп атады. Украинанын ЕБдагы элчиси Всеволод Ченцов Reuters агенттигине - бул чечим Москва үчүн Украина жана башка мурдагы совет өлкөлөрү Орусиянын таасири алдында кала бербей турганы жөнүндө орчундуу белги экенин билдирди.

Саммит алдында, 22-июнда, Европарламент Украина менен Молдовага ЕБга кирүүгө талапкер макамын берүүнү жактаган резолюцияны кабыл алган. 529 депутат "макул", 45 депутат "каршы" деген добушун берген.

Украина менен Молдовага бир катар Батыш Балкан өлкөлөрүндөй жана Түркияныкындай толук кандуу макам берилди. Бирок мүчө болуу үчүн коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө байланышкан маселелерге жараша болот. ЕБге алар качан кирээри теориялык жактан да так айтылбайт, айрым саясатчылар бул ондогон жылга уланышы мүмкүн экенин билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости