www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кадр маселесине кийлигишпейт, деп билдирди президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов 25-марттагы парламент жыйынында.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Евгения Строкова Г. Байтерек Т. Слащеванын «Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редактору болуп дайындалышына салым кошконун айткан.

«Президенттин басма сөз катчысы жөнүндө президенттин жарлыгы менен бекитилген жобо бар, ал кадрдык дайындоолорго эч кандай кийлигишпейт. Анын үстүнө Садыр Нургожоевич кийлигишүүгө жол бербейт», - деди Калматов.

Анын айтымында, басма сөз катчысы мамлекет башчынын сайтын башкарат жана маалыматтын көлөмүн көзөмөлдөйт.
«Слащева премьер-министрдин буйругу менен дайындалган. Президенттик аппараттын буга эч кандай тиешеси жок», - деди Калматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости